ИИМ чет өлкөлүк жарандарга мыйзам талаптарын сактоону эскертти
Кыргыз-Россия Славян университетинде чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоосу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
ИИМден билдиришкендей, ага Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, чет өлкөлүк компаниялардын жана курулуш уюмдарынын жетекчилери, чет өлкөлүк жарандардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Жолугушууда коомдук тартипти сактоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана укук коргоо органдары менен кызматташууну күчөтүү маселелери каралды.
ИИМ Кыргызстандын аймагындагы бардык чет өлкөлүк жарандар өлкөнүн мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоого милдеттүү экенин эскертти. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан иш берүүчүлөргө кызматкерлерге мыйзамдарды жана миграциялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.