Алиев: Бишкектин 350 миң унаага эсептелинген жолунда 750 миң унаа жүрөт
Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири — жолдордогу унаалардын санынын кескин көбөйүшү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаада расмий 550 миңден ашык унаа катталган. Мындан тышкары, күн сайын шаардын четиндеги аймактардан борбор калаага болжол менен 200 миң унаа кирип чыгат.
“Демек, күн сайын Бишкектин жолдорунда болжол менен 750 миң унаа жүрөт. Ал эми шаардын жол инфраструктурасы 300–350 миң унаага эсептелген”, — деди Рамиз Алиев.
Вице-мэр жол тыгынына шаардын инфраструктурасынын абалы да таасир этерин белгиледи.
“Административдик-аймактык реформадан кийин шаардагы жолдордун жалпы узундугу 2 миң 800 чакырымды түздү. Анын 1 400 чакырымы шагыл жолдор. Бизге көпүрөлөр жана жол өтмөктөрү жетишсиз. Айрым көчөлөр азыркы унаа агымына тардык кылат”, — деди ал.
Мындан тышкары, туура эмес унаа токтотуу, унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги жана жеке автоунаага болгон көз карандылык да жол тыгындарына себеп болуп жатканын кошумчалады.