Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды
Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын баа бекитилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, баа малды багуудан тарта базарга чейинки кеткен чыгымдардын баарын анализдегенден кийин коюлду.
Мындан ары Бишкек шаарында уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сомдон, чекене баасы 770 сомдон, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.
Ал эми облустар боюнча баалар төмөнкүдөй деп көрсөтүлдү:
- Чүй облусу — уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800 сом, чекене баасы 880 сом;
- Нарын облусу — уйдун сулп этинин баасы 840 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом;
- Ысык-Көл облусу — уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом;
- Талас облусу — уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800 сом, чекене баасы 840 сом;
- Ош облусу — уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом;
- Жалал-Абад облусу — уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом;
- Баткен облусу — уйдун сулп этинин баасы 880 сом, сөөгү менен дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 850 сом.
Мындан тышкары, фарштын А (80% эт, 20% май) жана Б категориясына (60% эт, 40% май) туруктуу баалар бекитилди.