Бишкек мэриясы 106 унааны сатыкка койду
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт.
Мэриядан билдиришкендей, ачык соода 24-сентябрда саат 10:00дө Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 18-сентябрга чейин Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында кабыл алынат.
Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
- өздүгүн тастыктаган документ;
- кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.
Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.
Кошумча маалыматты 0312 979 195 (ички 4220) телефону аркылуу алууга болот.