Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитине катышууда
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитине катышууда.
Саммиттин катышуучу мамлекет башчыларын иш-чаранын алдында Кореянын Президенти Ли Чжэ Мён тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары иш-чарага катышуу үчүн залга киришти.