Кыргызстандыктар үчүн Казакстанга кирүүдө QazETA азырынча милдеттүү эмес
Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү жана ал жакта болуу тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат жана азыркы этапта Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес.
“Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле казак тараптан расмий маалымат келип түшкөндө, жарандарга белгиленген тартипте кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат билдирүүдө.