БШК: Садыр Жапаров кызматта туруп шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет
Президенттик шайлоо мезгилинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары катышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекеттик саясий кызматчы, Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо, талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот деп так жазылып турат.
“1999-жылдан 2011-жылга чейин колдонулуп келген Шайлоо жөнүндө кодексте, андан кийин 2011-жылы кабыл алынган азыркы конституциялык мыйзамда мындай тажрыйба колдонулуп келген”, — деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн, таза шайлоо өткөрүлөрүн билдирген болчу.
“Мурдагыдай мугалим, дарыгерлерди колдонуу, аларды үгүт иштерине иштегиле деген болбойт. Аны биз убагында иш менен далилдейбиз”, — деген өлкө башчысы.