Касымалиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолукту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалаарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу тармактарында мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар орто мөөнөттүү келечекте кызматташтыкты мындан ары активдештирүү боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ болгон «Камбар-Ата ГЭС-1» долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети мындан аркы конструктивдүү диалогго ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин экономикалык өсүштүн туруктуу жогорку темпин байкаганын, ошондой эле Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга Дүйнөлүк банктын даярдыгын дагы бир жолу ырастады.

Связанный пост