Эми кыргызстандыктар Таиландга 30 күнгө визасыз бара алат
2026-жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын жарандары Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кире алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, визасыз кирүү Кыргыз Республикасынын жарактуу жалпы жарандык паспортуна ылайык жүзөгө ашырылат. Таиландга аба же кургактык транспорту аркылуу кирген Кыргыз Республикасынын жарандары визасыз режимди календардык жыл ичинде эки жолудан ашык эмес пайдалана алышат.
Таиландга ар бир кирүүдө иммиграциялык көзөмөлдөн милдеттүү түрдө өтүү талап кылынат. Визасыз кирүү укугунун болушу өлкөгө автоматтык түрдө кирүүгө кепилдик бербейт. Өлкөгө киргизүү боюнча акыркы чечимди Таиланддын компетенттүү иммиграция органдары кабыл алат.
Сапарга чыгуудан мурда жарандар Таиланддын расмий электрондук кызматы аркылуу Thailand Digital Arrival Card (TDAC) формасын толтурууга тийиш (https://tdac.immigration.go.th/arrival-card/#/home).
Таиланд Падышачылыгына кирүүдө жарандардан төмөнкү документтер талап кылынат
- кирүү күнүнө карата жарактуулук мөөнөтү кеминде алты айды түзгөн, эки (бош болгон) мөөрлөр жана визаларсыз баракты камтыган Кыргыз Республикасынын жарактуу паспорту;
- өлкөдөн кайра чыгып кетүүнү же андан ары башка өлкөгө жөнөп кетүүнү ырастаган документ (кайтуу же үчүнчү өлкөгө андан ары кетүү билети);
- Таиландда жашай турган жер тууралуу маалымат (мисалы, мейманканага жайгашуу боюнча маалымат).
Таиланд Падышачылыгына туристтик эмес максаттарда кирүүнү, ошондой эле өлкөнүн аймагында белгиленген 30 күндүк мөөнөттөн ашык болууну пландаган Кыргыз Республикасынын жарандары Таиланд Падышачылыгынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү визаны алдын ала тариздөөгө тийиш.
КР Тышкы иштер министрлиги жарандарга сапарга чыгуудан мурда Таиланддын актуалдуу иммиграциялык талаптары менен таанышып, өлкөгө кирүү жана анда болуу боюнча белгиленген эрежелерди так сактоону сунуштайт.