Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук биринчи банкноттор басылып чыкты
Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөбүздүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн мына ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам ташталды.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук банк акыркы мезгилдерде улуттук валютаны өзүбүздө чыгарууну камсыз кылуу жагында иштерди ырааттуу жана план чегинде ишке ашырып келди. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөбүздүн аймагында 20 жана 50 сом номиналында банкноттор басып чыгарылды.
“Мындай тарыхый окуя көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгына туура келүү менен өзгөчө алгылыктуу маанай тартуулоодо. Бул Кыргызсиандын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолунда дагы бир маанилүү кадам болуп саналат”, – деп белгилешти Улуттук банктан.