Таласта 350 млн долларлык өнөр жай комплексин куруу пландалууда

 Таласта 350 млн долларлык өнөр жай комплексин куруу пландалууда

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда “Манас Ордо” улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү.

Документке президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту.

Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган.

Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн долларды түзөт.

Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

Связанный пост