Садыр Жапаров “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылышына катышты

КР Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө “Манас” эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтмө тартууланды.

Андан соң Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, “Манас Ордо” комплексин жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук духту, биримдикти жана муундардын байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенине токтолду.

Президент белгилегендей, бул комплекс жаштарды мекенчилдикке, тарыхты сыйлоого жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликке тарбиялаган заманбап руханий-маданий борбор болушу керек.

Салтанаттуу иш-чара төкмө акындардын аткаруулары менен уланды.

“Манас Ордо” комплекси өлкөдөгү маанилүү маданий-тарыхый жана руханий жайлардын бири болуп саналат. Анын тарыхы 1976-жылдан башталат. Дал ошол жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей түзүлгөн. Ал эми 2001-жылы комплекске “улуттук” статусу берилген.

Учурда комплекстин аймагында масштабдуу оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы объектилер курулуп, айрымдары жаңыланды.

Алардын катарында 2 676 чарчы метр аянттагы, 200 орунга ылайыкталган, мамлекеттик, эл аралык, маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө арналган Конгресс-холл бар.

Конокторду кабыл алуу үчүн зыяратчылар үйү, беш коттедж жана банкеттик зал курулду. Бул объектилер мамлекеттик жана чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда расмий жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө зарыл болгон шарттарды камсыз кылат.

Ошондой эле жалпы аянты 531 чарчы метрди түзгөн жаңы административдик корпус курулду. Ал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, комплекстин ишин уюштуруу жана башкаруу үчүн пайдаланылат.

Өзгөчө көңүл “Манас” музейин жаңылоого бурулду. Анын аянты 1 090 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Жаңыланган экспозицияда “Манас” эпосу менен катар “Семетей” жана “Сейтек” эпостору да кеңири көрсөтүлгөн.

Музейде заманбап санариптик жана голографиялык технологиялар да киргизилди. Алар келүүчүлөргө кыргыз элинин эпикалык мурасы менен жаңы форматта таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча – 3 000 орундуу, жалпы аянты 2 752 чарчы метрди түзгөн жабык трибуна да реконструкцияланды. Ал спорттук жана маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө арналган.

Комплекстин туристтик жана маданий инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жалпы аянты 351 чарчы метр болгон сувенир дүкөндөрү да курулду. Бул жайларда улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, сувенирлер жана улуттук стилдеги белектер сатылат.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин инфраструктурасын жаңылоо тарыхый-маданий мурасты сактоого жана кеңири жайылтууга, келгендер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.

Связанный пост