Президент Кыргызстан боюнча бир убакта онлайн форматта 100 социалдык объектти ишке киргизди

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышып, ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы билимдүү, Мекенин сүйгөн жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенине басым жасады.

“Мына ошондон улам, билим берүү тармагында дагы бир маанилүү кадам жасап, Талас шаарына “Акылман” лицейин ачып жатабыз. Демек, биз өлкөбүздүн жаркын келечегине эң чоң инвестиция салып жатабыз.

Мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей дагы өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем”, – деди Садыр Жапаров жана бул лицейлерден заманбап билим алуу менен катар улуттук нарк-насил, мекенчилдик жана адамдык бийик сапаттарды айкалыштырган, уюткулуу элибиздин уңгужолун улаган кыргыз жараны, мекенчил уул-кыздары тарбияланып чыгышы керектигин белгиледи.

Комплекстин аймагында окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянты жайгашкан.

Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, заманбап окуу жайдын курулушу мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин натыйжасы болду.

Ушуга байланыштуу ал өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жаш муундардын билим алуусун колдоп келе жаткан Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

Мугалимдерге кайрылган Мамлекет башчысы аларга күч-кубат, дем-күч жана элдин үмүт-тилегин актоодо албан ийгиликтерди каалады.

“Кыргызстандык жаштар дүйнөнүн булуң-бурчунда популярдуу компанияларда ийгилик жаратып келишет. Мына ошол уул-кыздарыбыз дагы дал ушул сиздердин колуңуздардан таалим алып чыкканына мен толук ишенем.

Демек бизде демдүү, күчтүү, шыктуу балдарыбыз да бар, аларды табына келтире таптаган устаттар да бар.

Кудай буюрса 5-10 жылдан кийин дал ушул бардык шарттары менен ачылып жаткан имараттан Ата Мекенибиз көптү үмүттөнгөн, көзү каныккан креативдүү жаштар чыгат. Мындай илгери-үмүт менен сиздердин мойнуңуздарга зор жоопкерчилик жүктөлүп, чоң ишеним артылууда”, – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы окуучуларга кайрылып, эгемен Кыргызстандын келечеги алардын колунда экенине өзгөчө токтолду. Ал тарыхтын кайталанып турарын эске салып, жаштарды Айкөл Манас атабыздын деми менен Жусуп Баласагындын кеменгерлигин, Махмуд Кашгаринин даанышмандыгын, Чыңгыз Айтматовдун көсөмдүгүн улоо менен элибиздин тарыхый жолун татыктуу улантууга чакырды.

Президент өсүп келе жаткан муун ата-бабалардан калган улуу мурас менен заманбап билимди айкалыштырып, өз доорун даңазалоого толук жөндөмдүү экенине ишеним билдирди. Ал бүгүнкү жагымдуу шарттарда жаштар өздөрүнөн мурунку муундардан да мыкты болууга умтулушу керектигин айтты.

“Убакытты, мүмкүнчүлүктү баалагыла, көп окугула, көп изденгиле, саргара жортуп, илимдин сырларын терең үйрөнгүлө. Келечекте дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын тааныта турган эр-азамат уул-кыздардан болуп чыгышыңарга тилектешмин!”, – деп Садыр Жапаров жаштарды чакырды жана жаңы Кыргызстанга экономика, билим, маданият жана адеп-ахлак жаатында алдыга сүйрөй турган дүйнө таанымы кенен атуулдар керек экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы окуу жайлардан учурдун талаптарына жооп бере алган жана өлкөнүн сыймыгы боло турган, заман талабына ылайык окумуштуулар, инженерлер, мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер көп чыгарына үмүт артты.

Президент окуучуларды окууга жана илимий изилдөөлөргө гана көңүл бурууга чакырып, келечек адистердин жумуш менен камсыз болуу маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилгендигин айтты.

“Кыз болобу, эркек болобу, кайсыл бир кесип болобу, биз ошол ушу мектепти бүтүп, анан жогорку окуу жайды бүтүп келген балдарды дароо мамлекеттик кызматка алабыз. Ал боюнча бүгүнкү күндө мыйзам күчүнө кирип, даяр турат”, – деди Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө карата жыл сайын бир катар социалдык жана өндүрүштүк объекттерди онлайн форматта ачуу жакшы салтка айланганын белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Талас шаарында бир нече социалдык объекттин ачылышына өзү катышып, аларды салтанаттуу түрдө ишке киргизди.

Жалпысынан 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий объект, 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.

Мамлекет башчысы бул долбоорлор элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга: тегиз билим алууга, татыктуу тарбия берүүгө, саламаттыкты чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, дүйнө тааным, аң-сезимибизди көтөрүүгө, маданиятыбыздын деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров “Акылман” лицейинде окуучулар жана мугалимдер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Связанный пост