Садыр Жапаров Талас шаарындагы борбордук мечитти ачты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты.
Борбордук мечит шаардагы ири руханий борборлордун бири болуп, жергиликтүү тургундар жана шаарга келген коноктор үчүн маанилүү жайга айланат. Төрт кабаттуу имарат бир учурда 4 500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын жабдылышы менен таанышып чыкты.
Аземдин соңунда мечитте куран окулду.