Айыл чарба министрлиги: 1,3 млн тоннадан ашык дан жыйналды

 Айыл чарба министрлиги: 1,3 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда быйыл дан эгиндерин жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда республика боюнча 467,5 миң гектар дан эгини жыйналып, 1 млн 376,6 миң тонна түшүм алынды.

Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 27,6 центнерди түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 центнерге жогорулады.

Жалпы түшүмдүн 761,3 миң тоннасын буудай, 574,5 миң тоннасын арпа түздү. Дан эгиндерин жыйноо көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда болуп, анда 696 миң тонна түшүм жыйналды.

Связанный пост