Сабиров: Инвестициялык долбоорлордун динамикасы өсүүдө

 Сабиров: Инвестициялык долбоорлордун динамикасы өсүүдө

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 23 млрд доллардан ашык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын башынан бери Кыргызстанга 1 млрд 300 млн доллардан ашык түз инвестиция тартылган.

“Бүгүнкү күндө бизде 83 инвестициялык долбоор ишке ашып жатат. Алардын жалпы суммасы 11,3 млрд долларды түзөт”, – деди Сабиров.

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 90дон ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканы маалымдалды. Алардын жалпы көлөмү учурда 456 млрд сомго жакындаган.

“Жылдан-жылга динамикабыз өсүп жатат. 2021-2026-жылдарды алсак, Кыргызстанда 23 млрд доллардан ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылууда”, – деди ал.

Сабиров белгилегендей, инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү мамлекет жүргүзүп жаткан саясаттын жана өлкө башчысынын маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган ишинин натыйжасы болуп саналат.

Связанный пост