Ири иш-чаралар учурунда 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздады

 Ири иш-чаралар учурунда 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздады

Кыргызстанда 29-августтан 6-сентябрга чейин өткөн ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылды.

ИИМдин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялардын жүрүү каттамдарында, коноктор жайгашкан объектилерде жана жарандар көп чогулган аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.

Өзгөчө көңүл 30 миңге жакын көрүүчү катышкан “Бишкек Аренадагы” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде, ошондой эле Кырчын жайлоосунда жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда коопсуздукту камсыздоого бурулду.

Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө видеокөзөмөл системалары жана башка санариптик технологиялар активдүү колдонулуп, милиция кызматкерлери жарандарга багыт көрсөтүп, зарыл болгон учурда жардам жана транспорттук көмөк да көрсөтүштү.

Ошондой эле ИИМдин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп, иш-чаралардын катышуучуларына, конокторго жана кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүүгө даярдыкты камсыз кылды.

“ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн мезгилде алардын катышуучуларына, конокторуна жана чет өлкөлүк туристтерге карата бир дагы кылмыш же укук бузуу катталган жок”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост