Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү 58%га өстү

 Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү 58%га өстү

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын жогорку деңгээлде келип жатканын белгиледи. 2025-жылга салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү 1,5 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү талдоо борборунун эксперти Айгүл Бердигулова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасындагы активдүүлүк дээрлик 11%дык темп менен өсүп, өлкө ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча аймактагы лидерлигин сактап келет.

“Негизги өсүш кыймылдаткычы – инвестициялар. Алардын көлөмү быйыл 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 58%га жогорулады. Буга энергетика, транспорт жана суу менен камсыздоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик инвестициялар программасынын ишке ашырылышы түрткү берүүдө”, – деди ал.

Мындан тышкары, ички суроо-талаптын жогору болушу да таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, чекене соода жүгүртүү 14,9%га, ал эми мейманкана жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 9,3%га өскөн.

“Орто мөөнөттүү келечекте инвестициялар экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы болуп, жакынкы жылдарда туруктуу динамиканы камсыздайт деп эсептейбиз. 2030-жылга чейин өкмөт энергетика, туризм, өнөр жай, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында 200 долбоорду ишке ашырууну пландоодо”, – деп жыйынтыктады Айгүл Бердигулова.

Связанный пост