Жакынкы жылдары 40 райондо 400дөн ашык кайра иштетүүчү ишкана курулат

 Жакынкы жылдары 40 райондо 400дөн ашык кайра иштетүүчү ишкана курулат

Жакынкы 3-4 жылда өлкөнүн 40 районунда 400дөн ашык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишкана куруу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кайра иштетүүчү ишканалардын айланасында дыйкан-фермерлерди бириктирүү аркылуу айыл чарбасында ирилештирүү процесси жүргүзүлөт.

“Айыл чарба тармагынын өнүгүү жолдорунун бири — ирилештирүү. Биз дыйкан-фермерлерди жөн гана кооператив түзүү үчүн эмес, алардын кызыкчылыгынын айланасында биригүүсүн сунуштап жатабыз. Негизги басымды кайра иштетүүчү жана айыл чарба продукцияларын сактоочу ишканаларга жасап, алардын айланасына дыйкандарды бириктиребиз”, — деди ал.

Марсбек уулу белгилегендей, 2026-жылы республика боюнча 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

Анын айтымында, буга чейин кооперацияларды өнүктүрүү боюнча бир катар программалар ишке ашырылганы менен, айыл чарбасындагы ирилештирүү процесси жетиштүү деңгээлде жүргөн эмес.

“Кооперативдерге жерди жана насыяны жеңилдетилген шартта берүү сыяктуу мамлекеттик колдоолор кээде жеңилдик алуу үчүн гана биригүүгө алып келүүдө. Ошондуктан биз кооперациянын башка жолун сунуштап жатабыз”, — деди министрдин биринчи орун басары.

Ал мисал катары кант заводдорунун ишин келтирип, ишканалар дыйкандарга жазында үрөн берип, күзүндө алардын түшүмүн кайра сатып ала турганын белгиледи.

“Мындай система ишкана менен дыйкандын кызыкчылыгын бириктирет. Биз да кайра иштетүүчү ишканалардын айланасында дыйкандардын биригишине шарт түзүүнү көздөп жатабыз”, — деди ал.

Связанный пост