Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тонна кант экспорттоду

 Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тонна кант экспорттоду

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери 9 миң 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө кант өндүрүшүн өнүктүрүү жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча иштер уланууда.

“Быйыл Кыргызстан боюнча кант кызылчасы 11 миң 800 гектар жерге айдалды. Учурда кант кызылчасын өстүрүүдө өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды колдонуу жана дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөрдүн байланышын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост