“Унаа” мекемесинин бөлүмдөрүнүн иштөө графиги

 “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрүнүн иштөө графиги

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жарандарга майрам жана дем алыш күндөрүндөгү бөлүмдөрдүн иш графигин бекитти.

Мекемеден билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнү майрам күн болуп саналат. Ал эми министрлер кабинетинин токтомунда 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү катары белгиленген.

  • 31-август — Мамлекеттик борбордун бардык бөлүмдөрү иштебейт;
  • 1-сентябрь — Мамлекеттик борбордун аймактык бөлүмдөрү штаттык режимде иштейт.

Ал эми Бишкек шаарында ШКУнун саммитине байланыштуу өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу төмөнкү бөлүмдөр иштебейт:

  • Аламүдүн бөлүмү;
  • “Биримдик” бөлүмү;
  • Чыгыш бөлүмү;
  • “Аю Гранд” соода борборунда жайгашкан шаардык бөлүм.

Ал эми “РИОМ” унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүм штаттык режимде ишин улантат. Дареги: Чүй облусу, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 211.

Связанный пост