Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү дээрлик 5,6 эсеге өстү
Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.
“Алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.