Кыргызстанда абанын сапаты жаңы система менен көзөмөлдөнөт

Кыргызстанда абанын булганышына таасир эткен температуралык инверсияларга мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул үчүн өлкөдө заманбап метеорологиялык жабдык биринчи жолу колдонулууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызгидрометке МТР-5 метеорологиялык жабдуусун өткөрүп берди.

Жабдык абанын температурасын жерден 1000 метрге чейинки бийиктикте өлчөп, температуралык инверсиянын пайда болушун аныктоого мүмкүндүк берет.

Температуралык инверсия учурунда жерге жакын аба катмарынын кыймылы начарлап, түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар өйдө көтөрүлбөй, шаар үстүндө топтолуп калат. Бул абанын булганышын күчөтүшү мүмкүн.

Жаңы жабдыктын жардамы менен адистер мындай көрүнүштөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, абанын булганышына аба ырайынын таасирин так аныктай алышат.

Алынган маалыматтар абанын булгануу деңгээлинин өзгөрүшүнүн себептерин талдоого жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууга пайдаланылат.

Мындай мониторинг системасы Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда.

Связанный пост