Президенттик шайлоодо талапкерлердин бюллетендеги кезеги кандай аныкталат?
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн чүчүкулак аркылуу аныктоо тартибин бекитти.
Мекеменин маалыматына караганда, учурдагы негизги жол-жобо сакталат. Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
“Бул ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен бирге жол-жобону жөнөкөйлөтүп, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.