Бишкекте 3 жаңы жөө өтмөк ачылды

Борбор калаада үч жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү сыноо режиминде иштей баштады.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы өтмөктөр Жибек жолу проспектисинде, 7-Апрель жана Магистраль көчөлөрүндө жайгашкан.

Алар жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жолду кесип өтүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ачылды.

“Сыноо мезгилинде адистер өтмөктөрдүн иштешине жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуулугуна баа беришет”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост