Өлкөдө дан эгиндерин жыйноого 1 459 комбайн тартылды
Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө 1 459 комбайн тартылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, комбайндар эгиндин бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү.
Чүй облусундагы оруп-жыйноо иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык комбайн тартылып, өнөктүк жыйынтыкталуу алдында турат.
“Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында жалпысынан 450гө жакын комбайн иштеп жатат. Алардын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылган”, – деп айтылат маалыматта.
2026-жылы бир комбайнга туура келген иштин орточо көлөмү 259 гектарды түздү. Учурда оруп-жыйноо иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарында да башталды.