Бишкектеги базарда 6 бөлүм тартылган ири өрт чыкты

 Бишкектеги базарда 6 бөлүм тартылган ири өрт чыкты

Бишкекте Орозбеков көчөсүндө жайгашкан базарда 6 бөлүм тартылган ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү 6-августта саат 22:48де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм жана штаб тартылган.

“Өрт 7-август күнү саат 09:06да толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок”, – деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Связанный пост