Акыйкатчы студенттердин билим алуу укугун коргоого чакырды
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жарандардын билим алуу укугун камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, акыйкатчыга Ж. Баласагын атындагы КУУнун жана И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери менен ата-энелери кайрылышкан.
Алардын айтымында, Россиянын Сибирь федералдык университетинен (СФУ) Кыргызстандын ЖОЖдоруна которулуп, келишимдик негизде окуп жаткан студенттерди “документтери талапка жооп бербейт” деген негизде окуудан чыгарылган же дипломдук иштерин коргоого уруксат берилбей жатат. Студенттер бардык сессияларды убагында тапшырып, окуу акысын төлөгөнүн, бирок азыр психологиялык басымга кабылып жатышканын билдиришкен.
Илим жана жогорку билим берүү министрлиги СФУнун маалымат системасында бул студенттер катталбаганын жана атайын маалымкат берилбегенин билдирсе, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү баштады.
Бул кырдаалга байланыштуу Акыйкатчы институту төмөнкү чараларды көрдү:
- Башкы прокуратурага – ЖОЖдордун чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерип, укуктук баа берүү өтүнүчү менен кат жолдоду.
- Россиянын Красноярск крайындагы Адам укуктары боюнча өкүлү Марк Денисовго – кыргыз жарандарынын кырдаалын айкындоого көмөктөшүү тууралуу кайрылды.
Жамиля Жаманбаева Илим жана жогорку билим берүү министрлигин чет өлкөдөн которулган студенттердин документтерин кабыл алууда тыкыр текшерүүгө чакырды.
Ошондой эле документтерди башында текшербей кабыл алып, студенттердин бүтүрүү курсунда ара жолдо калышына жол берген ЖОЖ кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралышы керектигин баса белгиледи.