Садыр Жапаров: Аймактагы достукту бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын

 Садыр Жапаров: Аймактагы достукту бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстандын президенттери менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ошондой эле мамлекет башчысы: “Сиздер менен жүз көрүшүп, аймактагы достукту жана кызматташтыкты дагы бир жолу бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын”, – деп жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өттү.

Связанный пост