Алиев: Борбор Азия менен Азербайжан бирдиктүү геосаясий мейкиндикке айланууда
Азербайжан президенти Илхам Алиев Азербайжан жана Борбор Азия мамлекеттеринин өлкө башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда Кыргызстан менен Азербайжандын мамилеси союздаштык деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу кызматташуунун кеңири маселелери талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган олуттуу документтер топтомуна кол коюлду.
“Кол коюлган документтердин ичинен союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул биздин эки боордош өлкөнүн алакаларын эң жогорку деңгээлге көтөрдү”, — деди Алиев.
Ошондой эле ал Азербайжан – Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн доллардан 200 млн долларга чейин көбөйтүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, фонд тарабынан каржыланган бир катар долбоорлор ишке ашырылып, айрым ишканалар иштеп жатат, ал эми кызматташуунун потенциалы жогору бойдон калууда.
Алиев Ысык-Көлдүн жээгинде Азербайжан тараптын катышуусунда курулган “Баку” аттуу биринчи беш жылдыздуу мейманкананын ачылышын да белгилеп, бул ири туристтик долбоор экенин айтты.
“Биз Ысык-Көлдө биринчи беш жылдыздуу мейманкананын курулуп, анын ишке киргенине кубанычтабыз жана сыймыктанабыз”, — деди ал.
Илхам Алиев Азербайжан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык тышкы саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле акыркы 3,5 жылда Борбор Азия өлкөлөрүнө 16 жолу барганын, ал эми аймак лидерлери Азербайжанга 26 жолу сапар менен келишкенин айтты.
“Бул көрсөткүчтөр биздин мамилелердин динамикасын жана жакындыгын айкын чагылдырат. Бүгүнкү күндө Борбор Азия менен Азербайжан бирдиктүү геосаясий жана геоэкономикалык мейкиндикке айланып баратат”, — деп белгиледи ал.
Ошондой эле Азербайжан президенти бул форматтагы жолугушууга биринчи жолу толук кандуу катышуучу катары катышып жатканын айтып, өткөн жылы Өзбекстанда кабыл алынган Азербайжанды форматка кошуу чечимин тарыхый деп атады.
Ошондой эле Азербайжан мындан ары да бул консультативдик форматтын алкагында кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.