Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.