Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө ишке орношту
Жыл башынан бери 10,7 миңден ашык кыргызстандык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушка орноштуруу 27 өлкөдө жүргүзүлдү. Учурда 143 лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиги иш алып барууда.
Эң көп жарандар Түркия, Улуу Британия, Болгария жана Германияга жумушка жөнөтүлгөн.
“Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды коопсуз, мыйзамдуу жана уюшкан түрдө чет өлкөгө ишке орноштурууну камсыздоону улантууда. Чет өлкөгө ишке орношууда расмий уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылыңыз. Бул сиздин эмгек укугуңуздун сакталышынын жана коопсуз ишке орношуунун кепилдиги”, – деп белгилешти министрликтен.