Россиядагы кыргыз жарандарынын 14 млн рублдан ашык эмгек акысы өндүрүлдү

 Россиядагы кыргыз жарандарынын 14 млн рублдан ашык эмгек акысы өндүрүлдү

2026-жылдын башынан бери Россиядагы Кыргызстандын 194 жаранына мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп берип, анын жалпы суммасы 14 млн 373 миң 900 рублду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каражаттарды алып берүүдө жарандарга министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү жардамдашып келет.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк өндүрүштө алган жаракаттын кесепетинен ден соолугуна зыян келтирилген үч жаранга иш берүүчүлөрдөн 4 550 000 рубль суммасындагы компенсация өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн кызматкерлери жыл башынан бери 397 жолу Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмдөрүнө, Москва шаарынын жана Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүнө, ошондой эле Москва шаарынын райондор аралык прокуратураларына чыгышты. Бул иш-чаралар укуктук жана консультациялык жардамга муктаж болгон 843 кыргыз жаранынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү.

Связанный пост