Окуучуларга 4-класстан өйдө баа коюлуп баштайт
Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстарда окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо тартиби өзгөрүүсүз сакталат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга баа коюлбайт. Алардын жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык ыкмасы менен бааланат.
Ал эми 4-класстан баштап окуучулардын билимин баалоодо белгилер коюу системасы киргизилет.
Мындай ыкма башталгыч класстагы окуучулардын билим алуу процессине ыңгайлашуусуна шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин ар тараптуу баалоого багытталган.