Өлкөнүн 500 мектебинде шахмат ойноо ийримдери уюштурулат
2026-2027-окуу жылында Агартуу министрлиги бекиткен тизмеге кирген республиканын 500 жалпы билим берүү уюмдарынын 3 жана 5-класстарында шахмат ойноо боюнча ийримдер уюштурулат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, шахмат ойноо боюнча ийримдин апробациялык программасы жана аны ишке ашыруу тартиби министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.