Бишкекте жана айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

 Бишкекте жана айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү.

Андан сырткары, электр энергиясы өлкөнүн айрым аймактарында дагы үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан маалыматына ылайык, өлкө аймагында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына 220 кВ чыңалуудагы “Кара-Балта – Главная” жана “Главная – Шу” электр берүү линияларынын авариялык түрдө өчүшү себеп болду.

Авариянын натыйжасында жүктөмдү автоматтык түрдө өчүрүүчү системалык автоматика ишке кирген.

“Учурда ишкана тарабынан электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Технологиялык үзгүлтүктүн келип чыгуу себептери такталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост