Кыргызстандын ИДПсы жарым жылда 960 млрд сомду түздү
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын экономикасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн жигердүү өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алдын ала баалоолорго ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң продуктусу (ИДП) 960 млрд сомду түздү.
“Бул көрсөткүч өткөн 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга көп”, – деп айтылат маалыматта.