Өнөр жай өндүрүшү 450 млрд сомдон ашты

 Өнөр жай өндүрүшү 450 млрд сомдон ашты

2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөдө өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 450,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112,7 пайызды, башкача айтканда өсүш 12,7 пайызды түздү.

Бул ийгиликтүү көрсөткүч төмөнкү багыттардагы өсүштүн эсебинен камсыз болду:

  • химиялык продукциялар – 2,9 эсеге;
  • фармацевтикалык продукциялар – 1,8 эсеге;
  • мунай өнүмдөрү, жыгач, кагаз жана полиграфия – 1,7 эсеге;
  • транспорт каражаттары – 40,7 пайызга;
  • курулуш материалдары – 33,4 пайызга;
  • пайдалуу кендерди казып алуу – 12,8 пайызга;
  • металл өндүрүшү – 11,9 пайызга;
  • тамак-аш жана суусундуктар – 8,2 пайызга өстү.

Муну менен катар экономиканын башка маанилүү тармактарында дагы оң тенденциялар катталды. Өзгөчө курулуш чөйрөсүндөгү иштердин көлөмү 1,7 эсеге жогорулаган. Ал эми айыл чарбасы – 4,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүү – 5 пайызга өстү.

Связанный пост