Чек ара кызматы өткөрүү пункттарындагы кырдаалга түшүндүрмө берди

 Чек ара кызматы өткөрүү пункттарындагы кырдаалга түшүндүрмө берди

Учурда мамлекеттик чек арадагы жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн өткөрмө пункттарында анча чоң эмес кезектер байкалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Мирзамир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, кезектер негизинен текшерүү жана көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүп жатканына байланыштуу жаралууда. Ошол эле учурда узун кезектер азырынча жок.

“Мындай кезектер көбүнчө айрым мезгилдерде белгилүү бир жүктөр көп көлөмдө ташылып чыккан учурда пайда болот. Маселен, күздүн башында айыл чарба продукциясын экспорттоо башталганда кайрадан кезектер жаралышы мүмкүн”, – деди ал.

Связанный пост