Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу зыйнатына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу расмий коштошуу зыйнатына катышты.
Анда Адылбек Касымалиев Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуп, президент Садыр Жапаровдун атынан маркум атасы шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.
Расмий коштошуу зыйнаты үстүбүздөгү жылдын 13-15-июль күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президенттеринин, өкмөт башчыларынын, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жогорку даражадагы расмий кызмат адамдарынын катышуусунда өттү.