Ысык-Көлдө “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ысык-Көл облусунда “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты.
Белгилей кетсек, “Кыргыз деңизи” санаторийин комплекстүү модернизациялоонун биринчи этабы аяктагандан кийин, “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору катары ишке кирди. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бул объект тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу максатында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкаруусуна өткөрүлүп берилген.
Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өлкө президенти Садыр Жапаров курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары киргизгенин айтып, мамлекетте адам капиталына болгон мамиле өзгөргөнүн билдирди.
“Өнүгүүлөр менен катар өлкөдөгү курорттор, пансионаттар жана балдар лагерлери да өзгөрүүлүүдө. Биз үчүн бул объекттердин мааниси чоң. Булар элдин ден соолугуна, жашоо сапатына жана үй-бүлөлүк бакубаттуулукка кызмат кылат. Жаңыланган “Кыргызалтын Резорт” – ден соолукту чыңдоо борбору ар бир конокко жагымдуу эс алуу тартуулап, өлкөбүздө туризм өнүгө берсин”, – деди Акунбеков.
Кошумчалай кетсек, 1975-жылы негизделген “Кыргыз деңизи” санаторийи өлкөнүн эң ири жана белгилүү ден соолукту чыңдоо жайларынын бири болуп келген. Бирок имараттардын жана инженердик коммуникациялардын узак мөөнөт пайдаланылышына байланыштуу объектти комплекстүү реконструкциялоо жана модернизациялоо зарылдыгы жаралган.
Модернизациялоодо башкы корпус, инженердик инфраструктура жана борбордун аймагы менен конок бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык толугу менен оңдолуп, жаңы эмерек жана техникалар менен жабдылды. Ошондой эле узундугу 205 метрди түзгөн заманбап пирс ишке кирди, 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн пайдаланууга берилди. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин курулушу уланууда.