Чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүрүүдө

 Чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүрүүдө

Президенттин жарлыгын аткаруу алкагында министрлер кабинети чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын кошумча легалдаштыруунун тартибин бекиткен.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, бул бир жолку өзгөчө чара болуп саналат. Акция 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин (кошо алганда) гана уланат жана мөөнөтү узартылбайт.

Кандай унаалар легалдаштырууга кабыл алынат жана алынбайт?

Төмөнкү талаптарга жооп берген унаалар катталат:

  • 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө алып келинип, катталбай калгандар;
  • М1, М1G, М2, М2G, N1, N1G жана N2 категориясындагы чет өлкөлүк номерлүү унаалар;
  • Бир жаран өз атына бир гана транспорт каражатын каттата алат.

Төмөнкү унаалар легалдаштырууга кабыл алынбайт:

  • 2024-жылдын 31-декабрынан кийин алып келингендер;
  • Бажы чектөөлөрү бар же убактылуу алып келүү мөөнөтүндөгү унаалар;
  • Рулу оңдон солго которулган, издөөдө жүргөн же конструкциясына мыйзамсыз өзгөртүү киргизилген унаалар.

Кызмат көрсөтүүнүн баасы

Легалдаштыруу акы төлөнүүчү негизде (андан сырткары кадимки мамлекеттик каттоо төлөмдөрү кошулат) жүргүзүлөт:

  • Кыймылдаткычтын көлөмү 200 кубга чейин болсо – 50 000 сом;
  • Кыймылдаткычтын көлөмү 200 кубдан жогору болсо – 100 000 сом;
  • Электромобилдер (электр кыймылдаткычы барлар) – 50 000 сом.

Кандай чектөөлөр коюлат?

Жаңы каттоодон өткөн мындай унааларга өзгөчө “10” аймактык сандык коду бар мамлекеттик номерлер берилет. Аларга төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:

  • Транспортту башка бирөөгө сатууга (ажыратууга) тыюу салынат;
  • Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга болбойт;
  • Башкаруу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Керектүү документтер жана кайрылуу даректери

Арыз берүүчү өздүгүн тастыктаган документти, унаанын техникалык абалы боюнча корутундуну, чет өлкөлүк номерин жана төлөм квитанцияларын тиркеп, унааны кароого алып келиши шарт.

Документтер Мамлекеттик каттоо борборунун бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча даректер:

  • Аймактар аралык бөлүм (Риом автоунаа базары);
  • Бишкек шаардык бөлүмү (“Аю Гранд” соода борбору);
  • “Биримдик-24” бөлүмү (Биримдик-Кут жаңы конушу).

Тиешелүү органдар жарандарды документтерин алдын ала даярдап, акыркы мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербөө үчүн белгиленген мөөнөттө (1-сентябрга чейин) кайрылууга чакырат.

Связанный пост