Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө

 Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө

Токой кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине билдиришти.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы директору Р.Б.М. кызматтык абалынан пайдаланып, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды.

Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда мурдагы директор Р.Б.М. “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталуучу катары тартылды. Учурда бул коррупциялык схемага катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Связанный пост