АИ-95 бензинине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу токтотулду
Министрлер кабинети экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди.
Токтомго ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип, социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен Аи-95 үлгүсүндөгү бензин алынып салынды.
- Ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 “Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пунктунун 2-пунктчасынан “максималдуу чекене бааларды белгилөө менен” деген сөздөр алынды.
Бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.