Өлкө аймагында сел коркунучу сакталууда

 Өлкө аймагында сел коркунучу сакталууда

Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узартылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Муну менен катар айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

“Жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост