Акунбеков Кытайдын онго жакын компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын онго жакын компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang Overseas Investment Co., Ltd.” Хоргос эл аралык соода компаниясы, “Xinjiang Commercial Logistics (Group) Co., Ltd”, “Xinjiang Daheng Biotechnology Co., Ltd.” жана “Алтын-Жол” соода-логистикалык эл аралык компанияларынан турган бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн тармактары боюнча Кыргызстан менен иш алып баруу ниеттерин билдиришип инвестициялык сунуштарын айтып беришти.
Анда тараптар негизинен күйүүчү-майлоочу май маселелери, жол куруу, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, энергетика, тоо-кен, эки тараптуу соода жүгүртүү жана логистика тармактарында кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлердин арасында буга чейин Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыргандары да болду, Кыргызстанда жалпы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө байланыштуу жаңы долбоорлорду киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Анда Эрлист Акунбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик чаралар ишке ашырылганын белгилеп, жолугушууларга катышкан Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана ведомстволоруна тиешелүү иштерди ыкчам жана дыкат алып барууну тапшырды.
Белгилей кетсек, бул жумушчу жолугушуулар болду. Каралган маселелердин жыйынтыгы жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга жетишүү белгиленди.
Ошондой эле, иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары Кытай мамлекети менен ишкерлик кылган Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн кабыл алды. Мында ишкерлер транзит, экспорт, кайра иштетүү сыяктуу өздөрүнүн маселелерине түз жооп ала алышты. Ишкерлер экономиканын өзөгү экенин айткан Эрлист Акунбеков, мамлекет ички жана сырткы инвесторлорду дайым колдоого даярдыгын, ал эми ата мекендик ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар иштеп жатканын жана гранттык, субсидия багыттарында дагы жаңы документтер кабыл алынаарын билдирди.