Садыр Жапаров Кочкордогу ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктаганын кошумчалады.

Объекттин курулушун көрүп чыккандан кийин, президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.

Связанный пост