Кыргызстан Пакистандын порттору аркылуу деңизге чыгууга умтулууда

 Кыргызстан Пакистандын порттору аркылуу деңизге чыгууга умтулууда

Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды, ошондой эле сапардын жыйынтыгы боюнча кол коюлган эки тараптуу келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз-пакистан соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын болгон потенциалын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Анын алкагында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Пакистандын деңиз портторун пайдалануу, ошондой эле транзиттик ташууларды өнүктүрүү маселелерин мындан ары иштеп чыгуу талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары чыңдоого жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Связанный пост