Кубатов: F1H2O чемпионаты өткөндөн кийин да көлдүн абалы текшерилет
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилегендей, Формула-1 UIM F1H2O чемпионаты учурунда жана ага чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү кызматтар, бир катар эксперттер жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тартыларын билдирди.
Анын айтымында, мелдешти өткөрүү маселеси боюнча Ысык-Көл биосфералык аймагынын талаптары да эске алынган. Тиешелүү мекемелер менен кеңешүүлөр жүргүзүлүп, чемпионатты өткөрүүгө тыюу жок экени тууралуу жооп алынган.
Мындан сырткары, жарыштын алдында жана андан кийин көлдүн суусунун курамы текшерилип, кошумча экологиялык байкоолор жүргүзүлөт.
Кубатов белгилегендей, UIM федерациясынын БУУ менен экологиялык коопсуздукту сактоо багытында бир катар макулдашуулары бар. Ал ошондой эле ЮНЕСКОнун коргоосундагы Индонезиядагы Тоба көлүндө F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптары буга чейин үч жолу ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал келтирди.
Агенттиктик чемпионат ийгиликтүү уюштурулган учурда аны жыл сайын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Быйылкы иш-чара пилоттук форматта өтө тургандыктан, жарышка экологиялык талаптарга жооп берген электр же гибриддик кыймылдаткычы бар кайыктар гана чыгарылат.
“Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, моторлуу кайыктар катышкан мелдештерде кагылышуулар болуп турганына карабастан, өткөрүлгөн өлкөлөрдүн биринде да күйүүчү майдын сууга төгүлүшү катталган эмес. Бул кайыктардын конструкциясы коопсуздук талаптарына ылайык атайын иштелип чыккан. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирди минималдаштыруу үчүн ыкчам тазалоо чаралары дароо көрүлөт”, – деп белгиледи Кубатов.