Бишкекте коомдук транспорт толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт
1-июлдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү акысын төлөө толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада накталай эмес төлөмдү киргизүү жараяны 2023-жылы башталган.
“Биз Москва жана Алматы шаарларындагыдай 12 жылдын ичинде эмес, 3 жылдын ичинде эле накталай эмес төлөмгө биротоло өтүүнү пландап, жакшы прогресс менен бара жатабыз”, – деди ал.
Жетекчи белгилегендей, санариптик тутумга толук өткөндөн кийин автобус айдоочулары үчүн буга чейин коюлуп келген күнүмдүк план таптакыр жоюлат.
“Накталай төлөмдү жана планды жоюуну айдоочулар өздөрү да суранышкан. Анткени накталай акча менен иштөө алардын алаксышына алып келип, айдоого жолтоо болот. Төлөмдүн электрондук форматка өтүшү менен жол кырсыктары да азаят. Эң башкысы, канча жүргүнчү түшүп жатканы, канча каражат чогулганы жана казынага канча акча түшүшү керектиги тууралуу маалыматтардын баары ачык-айкын болот”, – деп кошумчалады Капаров.